“Цунами коркунучу жок. Жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат азырынча түшө элек”

Япониянын жээктеринде 5,7 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы метеорологиялык башкармалыгы билдиргенин Риа Новости кабарлайт.

Анда белгиленгендей, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:13тө Хоккайдо префектурасына караштуу Кусиро шаарына жакын аймакта болуп, очогу 30 чакырым тереңдикте жайгашкан.

“Цунами коркунучу жок. Жабыркагандар же кыйроолор тууралуу маалымат азырынча түшө элек”,-деп айтылат маалыматта.

Булак: Кабар