Зилзала Петропавловск-Камчатскийден 486 чакырым алыстыкта болгон.
Россиянын Камчатка аймагында күчү 4,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын бирдиктүү геофизика кызматынын Камчатка бөлүмү билдиргендигин ТАСС кабарлады.
Зилзала Петропавловск-Камчатскийден 486 чакырым алыстыкта болгон. Очогу 27,5 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Булак: Кабар