Бишкек, "Саясат.kg". Декларацияда чыр-чатак аяктагандан кийинки Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн болжолдуу саны белгиленген.
Франция президенти Эмманюэль Макрон жакынкы арада Владимир Путин менен сүйлөшөт.
Бул тууралуу ал Украинанын келечегин талкуулаган "каалоочулар коалициясы" деп аталган жыйындын жыйынтыгы боюнча France-2 телеканалына берген маегинде билдирди.
Макрондун айтымында, жыйында кол коюлган декларацияда чыр-чатак аяктагандан кийинки Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн болжолдуу саны белгиленген. Ал 800 миң адамды түзүшү керек.
Ошондой эле жыйында каралган башка маселелерди да белгиледи:
* АКШнын жетекчилиги астында бир нече өлкөнүн көмөгү менен ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө механизмин түзүү пландаштырылууда.
* Украинанын Куралдуу күчтөрү ар кандай агрессияны токтотуу үчүн бардык ресурстар менен даярдалып, камсыздалышы керек.
* "Ок атышуу токтотулгандан кийин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн абада, деңизде жана кургакта көп улуттуу күчтөрдү түзүү" боюнча ишти улантуу пландаштырылууда.
* Украинанын союздаштары жаңы чыр-чатак чыккан учурда Украинаны юридикалык жактан колдоого милдеттенишет.