Ошондой эле Ахмат спорт министри кызматын да сактап калат.
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров 20 жаштагы уулу Ахматты өлкөнүн вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Ошондой эле Ахмат спорт министри кызматын да сактап калат.
Ахматты аталган кызматка өлкөнүн премьер-министр Магомед Даудов сунуштаганын Разман Кадыров Telegram каналында билдирди.
Ошондой эле улуттук саясат, тышкы байланыштар, басма сөз жана маалымат министри Ахмед Дудаев да Чеченстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Булак: super.kg