Мамлекеттик чек ара кызматына жаңы жетекчи келе турганы күтүлүүдө. Талапкерди ички иштер министри сунуштайт.

Кирилл Буданов

Украинанын президенти Владимир Зеленский кадрлары тууралуу жаңы маалымат  жарыялады. Ал Украинанын туруктуулугун бекемдөө үчүн кадрдык өзгөрүүлөр болгонун айтты.

Жаңы кадрлар:

Кирилл Буданов президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Анын иши коопсуздук маселелерине жана сүйлөшүү процессине багытталат.

Олег Иващенко Коргоо министрлигинин башкы чалгындоо башкармалыгын жетектейт. Буга чейин ал чалгын кызматында кызмат өтөп, Украинанын тышкы чалгындоо кызматын жетектеген.

Мамлекеттик чек ара кызматына жаңы жетекчи келе турганы күтүлүүдө. Талапкерди ички иштер министри сунуштайт.

Михаил Федоров Украинанын коргоо министри кызматына сунушталды. Президент анын «Дрондор линиясын» өнүктүрүүдөгү жана мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүдөгү ийгиликтерин белгиледи.

Денис Шмыгаль командада калып, мамлекеттик иштин башка багытын жетектейт.

Булак: Баракелде