Бишкек, "САЯСАТ.KG". Юрий Николаев 1948-жылы 16-декабрда туулган.

Умер советский и российский телеведущий Юрий Николаев

Советтик жана россиялык теле алып баруучу Юрий Николаев 76 жашында каза болду.

Юрий Николаев 1948-жылы 16-декабрда туулган.

1975-жылдан СССРдин Борбордук телевидениесинде иштеп, эң белгилүү алып баруучулардын бири болгон.

Ал «Таңкы почта» («Утренняя почта»), «Көгүлтүр от» («Голубой огонёк»), «Жылдын ыры» («Песня года»), «Бейпил түн, бөбөктөр!» («Спокойной ночи, малыши!») жана башка программаларды алып барган.

Булак: govori.tv