Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жер титирөөдөн жабыркагандар катталган эмес.

Түркиянын Балыкесир шаарында кечээ, 30-октябрда, күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Түркиянын Кырсык жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:52де катталган. Борбордук базасы Сындыргы районуна жакын, 13,58 чакырым тереңдикте болгон.

Бактыга жараша, жер титирөөдөн жабыркагандар катталган эмес.

Булак: koom.press