Бишкек, "САЯСАТ.KG". Маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү аракети көрөлүп жатканы кошумчаланды
АКШнын Индиана штатында жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болуп, дагы бири ооруканага жаткырылды. Анын абалы оор экени айтылууда.
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалыматты ырастап, кырсык болгон күндөн тартып Кыргызстандын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу маркумдардын жана жаракат алган кыргыз жаранынын жакындары менен байланышта экенин билдирди.
Министрлик ушул тапта АКШнын тиешелүү мамлекеттик органдары менен кырсыктын себептерин аныктоо иштери жана маркумдун сөөгүн мекенине алып келүү аракети көрөлүп жатканын кошумчалады.
Булак: govori.tv