Бишкек, "САЯСАТ.KG". Рио-де-Жанейро штатынын өкмөтү бул операцияны шаардын тарыхындагы эң кандуу окуя деп атады.

Бүгүн Рио-де-Жанейро полициясынын Алемао жана Пенья фавелаларында "Кызыл командачылык" кылмыштуу тобуна каршы ири операциясы учурунда кеминде 64 адам өлүп, 81 киши камакка алынды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, Рио-де-Жанейро штатынын өкмөтү бул операцияны шаардын тарыхындагы эң кандуу окуя деп атады.

Ага 2 миң 500дөн ашык милиция кызматкерлери катышты. Алар эки фавеладагы 26 жамаатка жайгаштырылды.

Учурда полиция операция уланып жатканын жана жарадарлардын саны өсүшү мүмкүн экенин билдирген.

Булак: Кабар