Бишкек, "САЯСАТ.KG". Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Ирандын борбордук аймагында күчү 5,1 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборуна таянып, ТАСС маалымдады.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн борбору Исфахан шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 183 чакырым аралыкта жайгашкан. Аталган жерде болжол менен 1,55 миллион адам жашайт. Жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңдикте болгон.

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Булак: Кабар