Бишкек, "САЯСАТ.KG". Каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн
Эфиопиянын Арерти айылында чиркөөнүн курулушу учурунда орнотулган убактылуу жыгач шатылар кулап түшүп, кеминде 36 адам каза болуп, 200дөн ашууну жаракат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берип кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык зыяратчылар чиркөөгө көп сандап чогулган учурда болгон. Каза болгондордун саны өсүшү мүмкүн, анткени урандылардын алдында калган адамдар болушу ыктымал.
Азыркы тапта куткаруу жана издөө иштерин жергиликтүү кызматтар улантууда.
Булак: koom.press