Бишкек, "САЯСАТ.KG". Бул окуя медициналык коомчулукта жана коомдо кызуу талкуу жаратты.

АКШнын президенти Дональд Трамп кош бойлуулук учурунда “Тайленол” (негизги активдүү заты — парацетамол) дарысын колдонбоого чакырды. Ал дарынын аутизм менен байланыш болушу мүмкүн экенин билдирип, америкалык дарыгерлер жакын арада бул дарыны кош бойлуу аялдарга сунуштоодон баш тартат деп билдирди.

Трамптын айтымында, “Тайленолду” колдонуу жакшы эмес жана аялдарга кош бойлуулукта, эгерде медициналык жактан өтө зарыл болбосо, дарыны ичпөөнү сунушташууда. Мисалы, дене табы өтө жогору болгондо гана колдонуу керек.

AFP агенттиги кабарлагандай, көпчүлүк адистер парацетамолду кош бойлуулукта коопсуз дары катары карашат. Ал эми “Тайленолду” чыгарган Kenvue компаниясы АКШ бийлигинин тыянагын четке какты. Компания өзүнүн расмий билдирүүсүндө парацетамолдун аутизмге себепкер экенин тастыктаган илимий далилдер жок экенин, муну тастыктаган маалыматтарга макул эместигин билдирди.

Бул окуя медициналык коомчулукта жана коомдо кызуу талкуу жаратты.

Булак: koom.press