Бишкек, "САЯСАТ.KG". Эстелик крипто инвесторлордун демилгеси менен коюлуп, бир гана күн турат.

 

Вашингтондо Дональд Трамптын алтын айкели тургузулду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын колунда биткоин кармаган алтын түстөгү айкели 17-сентябрда Вашингтондогу Капитолий имаратынын жанына убактылуу орнотулду. Эстелик крипто инвесторлордун демилгеси менен коюлуп, бир гана күн турат.

Айкелдин бийиктиги — 3,5 метр. Иш-чаранын уюштуруучулары бул инсталляциянын максаты финансылык инновациялар жана улуттук валюта тууралуу талкууну жандандыруу экенин билдиришти.

“Бул — заманбап саясат менен финансынын кесилишиндеги символ. Криптовалюталардын таасири улам күчөп жатат. Эстелик коомчулукту ой жүгүртүүгө түрткү берет деген үмүттөбүз”, — деди уюштуруучулардын бири Хичем Загдуди.

Белгилей кетсек, Дональд Трамп жакында эле өзүндө биткоин жана башка криптовалюталар бар экенин ачык билдирген.

Булак: koom.press