Бишкек, "САЯСАТ.KG". Жер силкинүүнүн очогу 50 метр тереңдикте орун алган.
Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынын чыгыш жээгинде күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн метеорологиялык башкармалыгы 28-июль күнү билдирди.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу 50 метр тереңдикте орун алган.
Цунами коркунучу жок экени жана жер титирөөдөн улам жапа чеккендер же кыйроолор катталбаганы белгиленди.
Булак: koom.press