Бишкек, "САЯСАТ.KG". Түркиянын бийлиги кырсыктын кесепеттерин азайтуу үчүн бардык күчтөрдү жумшоодо. 

Түркиянын Бурса провинциясындагы токой өртү кооптуу масштабга жетип, 2000ден ашуун адам эвакуацияланды. Өрт 26-июлда кечинде Гүрсу жана Кестел райондорунун тоолуу аймактарында башталып, катуу шамалдын таасири менен тез жайылган.

Бийлик Карахидир аймагындагы тургундарды коопсуз жайларга көчүрүү чечимин кабыл алды. Эвакуацияланган жарандарга тамак-аш жана зарыл жардамдар көрсөтүлдү.

Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу өрттү өчүрүү үчүн атайын учактар колдонулганын билдирди. Учурда өрт 110 гектарга жакын аймакты каптап, өчүрүү иштери уланууда.

Түркиянын бийлиги кырсыктын кесепеттерин азайтуу үчүн бардык күчтөрдү жумшоодо. 

Булак: koom.press