Бишкек, "САЯСАТ.KG". Украина Россиянын миңден ашуун аскерин кайтарды

Стамбул шаарында өткөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында Украина Россиянын миңден ашуун аскер кызматкерин кайтарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, Стамбул келишимине ылайык эки тарап туткундарды алмашуунун тогуз этабын ишке ашырышты. Алмашууда жаракат алгандар жана оор абалдагы аскерлер бошотулган. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук гвардиясынын жана Улуттук полициясынын кызматкерлери бошотулган аскерлердин арасында бар экендиги кабарланды.

Булак: 7 канал