Бишкек, "САЯСАТ.KG". Эң катуу силкинүү 20-июль күнү болуп, күчү 7 баллга жеткен.

22-июлга караган түнү Камчаткада магнитудасы 5,5ке чейинки 20дан ашык жер титирөө катталды. Бул тууралуу ТАСС кабарлады.

Геофизикалык кызмат бул көрүнүштү 20-июлдагы күчтүү силкинүүдөн кийинки табигый процесстин уландысы катары мүнөздөдү. Ошондой эле 2024-жылдын августунда болгон күчтүү жер титирөө менен дагы байланышы бар болушу мүмкүн дешет.

Белгиленгендей, эң катуу силкинүү 20-июль күнү болуп, күчү 7 баллга жеткен. Эл көчөгө чыгып, цунами коркунучу жарыяланган, бирок кийин жокко чыгарылган. Афтершоктор азыр да уланууда.

Булак: Кабар