Бишкек, "САЯСАТ.KG". Буга чейин Сирия бийлиги ок атышпоо режимин дароо киргизгенин жарыялаган.

Жекшемби күнү Сирия менен Израилдин ортосунда түзүлгөн ок атышпоо келишими расмий түрдө күчүнө кирди. Бул тууралуу АКШнын Түркиядагы элчиси жана Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак билдирди.

Анын айтымында, Дамаск убактысы боюнча саат 17:00дөн тарта бардык тараптар согуштук аракеттерди токтотуп, тынчтык режимине өттү.

Баррактын маалыматына ылайык, кийинки кадам – барымтага алынгандарды жана туткундарды алмашуу маселесин чечүү болуп саналат.

Эске салсак, буга чейин Сирия бийлиги ок атышпоо режимин дароо киргизгенин жарыялаган.

Булак: koom.press