Бишкек, "САЯСАТ.KG". Япониянын Когуро облусундагы токойдон өрт чыгып, 157 адам эвакуацияланды.

Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, токой аймагындагы өрт тууралуу маалымат жакынкы Офунато шаарынын өрт өчүрүү кызматтарына 19-февралда жергиликтүү убакыт боюнча түшкө жакын келип түшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн учактарды ишке киргизилип, аракеттерге карабастан, өрт жайылып, 225 гектарга жакын жерди каптаган.

Өрт өчүрүүчүлөр жана өзүн-өзү коргоо күчтөрү өрттү өчүрүүнү улантууда.

Ал эми жабыркагандар жана имараттарга келтирилген зыяндын өлчөмү боюнча азырынча маалымат жок.

Булак: Кабар