Орусия Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскерлердин санын дагы көбөйтүүдө. 

Жаңы документ армиянын штаттык санын 2 миллион 389 миң адамга, анын ичинде аскер кызматкерлеринин санын 1,5 миллионго жеткирүүнү көздөйт.

Тиешелүү жарлыкка Орусиянын президенти Владимир Путин кол койду. Документ укуктук актылар порталында жарыяланды. "Жарлык 2024-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет", - деп белгилейт ТАСС агенттиги. Жаңы документ күчүнө кирери менен президенттин мурдагы жарлыгы күчүн жоготот.

Путин былтыр 1-декабрда Орусиянын армиясында штаттык кызматкерлердин санын 2,2 миллонго, аскер кызматкерлердин санын 1,3 млн кишиге көбөйтүүнү караган жарлыкка кол койгон. 

Ага чейин орус президенти 2022-жылы августта жарым-жартылай мобилизация жарыяланган учурда армиянын штаттык санын 137 миңге көбөйткөн.

Орусиянын Коргоо министрилиги Путиндин жаңы жарлыгына комментарий бере элек.

Булак: "Азаттык"