"Жаңы Азербайжан" алдыга чыкты
Азербайжанда президент Илхам Алиевдин "Жаңы Азербайжан" партиясы 1-сентябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоонун жыйынтыгында көпчүлүк орундарды сактап калды. Жергиликтүү басылмалардын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, 125 мандаттын 68и аталган партияга тийди.
Дагы 44 мандатты бийликчил позициядагы, шайлоого өз алдынча катышкан талапкерлер алды. 12 орун өкмөттү колдогон чакан партиялардын өкүлдөрүнө тийди. Оппозициячыл талапкерлерден бирөө гана парламентке кирүү укугун алмай болуп жатат. Ал – "Республикалык альтернатива" партиясынан Эркин Гадирли.
Өлкөдөгү ири оппозициялык партия – "Азербайжандын элдик фронту" шайлоону жетинчи жолу бойкоттоп, жараянды "өкмөттүн бурмаланган шайлоо маскарады" деп атады. Дагы бир оппозициялык партия "Мусават" 15 жылдан бери биринчи жолу шайлоого катышты, бирок бир да мандат ала алган жок. Партия лидери Ариф Гажилы шайлоо таза өтөрүнө ишеними деле болбогонун, бирок «өлкөдөгү саясий атмосфераны активдештирүү үчүн» катышканын айтты.
Булак: azattyk_radiosu