Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында сакал адамдын тек-жайын аныктоого кыйынчылык жаратууда.
"Подробно.уз" басылмасы жазгандай, мындай эркектер аялдарга бетин жапкан кийим кийүүгө тыюу салган берене боюнча жазага тартылып жатышат.
Журналисттер соттун базасында бул берене колдонулган 800дөй иш бардыгын аныкташкан. Алардын көбү Жизак, Самарканд, Анжиян жана Фергана облустарында козголгон.
Эгер эркектер сакалдарын алуудан баш тартса, аларды бейбаштыкка же тартип коргоочуларга баш ийбегени үчүн айыпташары маалым болду.
"Азаттык"