Бишкек, "Саясат.kg". Тажикстанда табыптар менен төлгөчүлөрдүн курмандыктары көбөйүүдө.

Тажикстандын Кылмыш кодексине көзү ачыктык кылып, кара дуба жасоо боюнча берене киргизилгенин өлкөнүн парламентинин "Садои мардум" басылмасы жазып чыкты. 

Документте айтылгандай, бул берене ишке киргизилгенден кийин бир жылдын ичинде жасалган мыйзам бузууларга колдонулат. Бирок берене боюнча кандай жаза каралганы так айтылган эмес. 

Текстте ошондой эле Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин ушуга окшош беренесин кайра карап чыгуу жөнүндө сөз болот: учурда айыптын өлчөмү көбөйтүлдү, ал эми альтернативдик жаза катары административдик эркинен ажыратуу каралган. Ошол эле маалда депутаттар дагы айып пулдун суммасын жана жаза мөөнөтү канча болоорун так айтышкан эмес.

Буга чейин Тажикстанда төлгөчүлүк кылууга айыппул 2880 сомониден 3600 сомониге чейин каралган. Бул 264 доллардан 330 долларга чейин болот. Мыйзам бузуу кайрадан кайталанса, анда 396 доллардан 660 долларга чейин айып төлөшөт.

Тажик бийлиги бул жылы сыйкырчылык кылууга каршы чыныгы күрөш жарыялашты. Апрель айында өлкө ИИМи табыпчылык жана төлгөчүлүк кылгандар 6 айга чейин мажбурланган эмгекке чегерилерин жарыялаган.