Бишкек, "Саясат.kg". Мерчан айып пул салуу – Трампты токтотуу үчүн жетишсиз чара болушу мүмкүн экенин белгиледи.
АКШда Дональд Трамптын порноактриса Сторми Дэниелске акча берүү ишин караган судья экс-президентти 9 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди.
Ошол эле маалда ал эгер Трамп маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу буйрукту бузуусун уланта берсе, саясатчыны камакка алуу маселеси да каралышы мүмкүн экенин белгиледи.
Трампка интернетте жасаган тогуз билдирүүсүнүн ар бири үчүн 1 миң доллардан айып салынды. Судья Хуан Мерчандын айтымында, экс-президент ал билдирүүлөрү менен анын маалыматтарды ачыкка чыгарбоо тууралуу буйругун бузган.
Мерчан айып пул салуу – Трампты токтотуу үчүн жетишсиз чара болушу мүмкүн экенин белгилеп, бирок анын кыйла катаалыраак жаза берүүгө ыйгарым укуктары жок экенин билдирди.
Прокурорлордун версиясына ылайык, Трамп 2016-жылкы президенттик шайлоонун алдында порноактриса Сторми Дэниелске шайлоо фондунан 130 миң доллар төлөп бергенин жашырууга аракет кылган. Муну менен ал Дэниелс экөөнүн ортосунда он жыл мурда болгон интимдик катнаш тууралуу порно жылдыздын оозун жабууну көздөгөн.
Трамп Дэниелс менен жыныстык катнашка барганын жана ага шайлоо фондунан акча бергенин четке кагып келет.