Бишкек, "Саясат.kg". Иранга сокку урулганын Израилдин, Ирандын жана Американын маалымат каражаттары кабарлашты.
АКШнын расмий өкүлү Израил Иранга сокку урганын билдирди. Израил армиясы бул боюнча комментарий бере элек. Буга чейин Иран Израилдин соккусуна "максималдуу деңгээлде" жооп берерин убада кылган.
Вашингтон Израилдин операциясынын чоо-жайын жана масштабын ачыктаган жок. АКШ кол салууга катышпаганын билдирди. Иранга сокку урулганын Израилдин, Ирандын жана Американын маалымат каражаттары кабарлашты.
Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары эртең менен өзөктүк орнотмолор жайгашкан Исфахан шаарынын үстүнөн үч "мини-дрон" атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Расмий маалыматтарга караганда, кыйроолор болгон эмес, өзөктүк инфраструктура жабыркаган жок. Мындан тышкары Тебризде да жарылуулар болду. Ирандын ички каттамдары токтотулуп, жүргүнчүлөр Тегеран аэропортунан эвакуацияланды.
Ирандын бир катар райондорунда абадан коргонуу системалары иштеп жатканын IRNA агенттиги жазды.
Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урган. Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн "өч алуу" деп түшүндүргөн.