Бишкек, "Саясат.kg". Ал өз маалында шылуундарды байкап калган.
Москвада Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Берлин салгылашуусунун катышуучусу, 98 жаштагы Виктор Бердюгинди телефон шылуундарынан кыргызстандык жаран куткарып калганын Baza телеграмм-каналы жазып чыкты. Ошол учурда ардагерде 100 миң рубль бар болгон жана "коңшусуна" жардам берип турууну чечкен.
Анда айтылгандай, 8-апрелде күндүз ардагерге дачадагы коңшумун деген бирөө телефон чалып, шашылыш карыз сураган. Бирок канча сумма керек экенин так айткан эмес, Бердюгинде канча акча болсо баарын берип туруусун өтүнгөн. А чалган адам акчаны алып кетүүгө курьер жөнөтөөрүн айткан.
Бир канча убакыттан кийин курьер келген, ардагерден акчаны алып жатып, каражатты алуучу адам катары жазылган Геннадий аттуу кишини тааныйсыңбы деп сураган. Бердюгин андай кишини тааныбай турганын айтканда, курьер акчасын кайтарып берген жана мындан ары эч кимге бербеши керектигин эскерткен.
Ардагер учурда полицияга кайрылган жана телефон шылуундары изделүүдө.