Бишкек, "Саясат.kg". Келе жаткан жүма күнү ага Орусиянын мусулмандарынын “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылары кабарланган.

“Крокус Ситиде” 100дөн ашуун адамды куткарып калган кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халиловду Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыкка көрсөттү. Орус басылмаларынын билдирүүсу боюнча, муфтий Ислам Халиловдун өзүнө жана атасына жеке чакыруу жөнөткөн.

Келе жаткан жүма күнү ага Орусиянын мусулмандарынын “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылары кабарланган.

Ислам Халилов “Крокус Сити Холлдун” концерттик залындагы гардеробдо сабактан кийин кошумча акча таап иштеген. Теракт учурунда ал 100дөн ашуун адамды кызматтык эшик аркылуу коопсуз жайга чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Мындан тышкары, Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин дагы “Крокус Ситиде” элди куткарууга жана жардам көрсөтүүгө катышкандардын тек-жайын тактоо тапшырмасын бергенин аталган орган кабарлап, андан соң аларды сыйлыкка көрсөтүү маселеси караларын билдирди.

Орусиялык ырчы Алишер Моргенштерн өзүнүн баракчасында Исламга 1 млн рубль сыйлык бергенин жарыялады.

15 жаштагы Ислам Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Анын ата-энеси 15 жыл мурун Орусияга иштегени барып, Ислам Москвада чоңойгон.

Кандуу окуя маалында элдин эшик жок жакка агылганын байкаган өспүрүм аларды имараттан эвакуациялоону өз колуна алган. Ал адамдарды тар өтмөктөн "Крокус Экспонун" аймагына чыгарып, андан кийин кызматкерлер гана колдонгон каалга менен көчөгө алып чыккан.

Куралчан белгисиз топ 22-марттын кечинде Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залына миңдеген адам топтолгон учурда ок жаадырган. Кандуу окуяда каза болгондордун саны акыркы маалыматтар боюнча 137ге жетти.