Бишкек, "Саясат.kg". Маркумдун сөөгү ошол эле күнү шаардын түштүк-чыгышындагы Борисов көрүстөнүнө коюлат.

Абакта белгисиз жагдайда каза болгон орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 1-мартта Москванын Марьино районундагы чиркөөдө өтөт. Бул тууралуу 28-февралда саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдирди.

Анын айтымында, маркумдун сөөгү ошол эле күнү шаардын түштүк-чыгышындагы Борисов көрүстөнүнө коюлат.

Навальныйдын каза тапканы 16-февралда белгилүү болгон. Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматы ал сейилдеп келгенден кийин өзүн начар сезип, дароо эсин жоготконун маалымдаган. Сөөгү энеси Людмила Навальнаяга 24-февралда гана берилген.  

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурган. Былтыр августта ал "экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо" деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Орусиянын жогорку бийлигиндеги жемкорлук тууралуу ачык айтып келген Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке каккан. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып барганда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан.