Бишкек, "Саясат.kg". Анын бул билдирүүсү боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги эч кандай расмий комментарий жасаган жок.

Өзбекстан парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрага орун басары жана "Миллий тикланиш" партиясынын лидери Алишер Кадыров билим берүүдө, телеберүүдө жана башка тармактарда орус тилинин колдонулушун кайрадан карап чыгууну сунуштады.

"Расмий орус тарап шовинисттердин таң каларлык жүрүм-турумун констатация кылуу менен эле чектелүүдө. Аларга ушундай риторика кызык болгондой таасир калууда. Акыркы кездери биз орус тилинде шовинисттик билдирүүлөрдөн башка эч нерсе укпай калдык. Мындай учурда мамилелерди жөнгө салуу боюнча практикалык чаралар жөнүндө ойлонуп көрүү керек. Мисалы, үч пайызга жетпеген орус тилдүү мекендештерибиз үчүн билим берүүдө жана телеберүүдө орус тили кеңири колдонулуп келет. Бул дисбалансты оңдоо керек", – деп жазды Кадыров telegram-каналына.

Анын айтымында, Өзбекстанда башталгыч класстарга эне тилинде гана билим берүү эрежесин мыйзам менен бекитүү зарыл.

"Келгиле, казак, азери, кыргыз, түркмөн, түрк жана тажик боордоштор менен телеберүүлөрдү алмашабыз. Бул маселени биз фракциянын жакынкы жыйынында талкуулаганы жатабыз", – деди Кадыров.

Апта башында орусиялык тарыхчы Михаил Смолин НТВ телеканалындагы берүүлөрдүн биринде "революцияга чейин өзбек улуту болбогонун" айткан.

"Казакстан кантип пайда болгонун карап көргүлө. Алгач РСФСРдин курамындагы Казак республикасы деп аталган. Тактап айтканда, казактар такыр эле болгон эмес. Кийин Казак ССРинин курамында Кыргыз АССРинин түзүшкөн. Андан соң РСФСРден бөлүнүп кетишти. Ал жакта улутту калыптандыруу тууралуу чечимдер волюнтаристтик түрдө кабыл алынган. Мисалы, өзбектер революцияга чейин эч качан болгон эмес. Мындай этникалык аталыш жок болчу. Бир нече борбор азиялык элди кошуп өзбектерди түзүп коюшкан. Азербайжандар кимдер – андай улут жок", – деген Смолин.

Анын бул билдирүүсү боюнча Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги эч кандай расмий комментарий жасаган жок.

Ага чейин орусиялык жазуучу, "Адилеттүү Орусия" партиясынын мүчөсү Захар Прилепин Өзбекстанды жана коңшулаш жайгашкан башка өлкөлөрдү Орусиянын курамына кошууну сунуштаган. Ал СССРдин таркаганы тууралуу бардык документтер жараксыз деп табылышы керектигин белгилеп, өтө көп жарандар Орусияга келип жатат деген негиз менен коңшу өлкөлөрдү "толугу менен Орусияга кошуп алуу зарылдыгын" айткан.