Бишкек, "Саясат.kg". Азырынча Тажикстан менен Өзбекстандын расмий түзүмдөрү Мирзиёевдин алдыдагы сапары тууралуу эч нерсе билдире элек.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев быйыл апрелде мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барат. Бул тууралуу тажик өкмөтүнүн 2024-жылдын биринчи жарымына карата иш программасында айтылат.

Азырынча Тажикстан менен Өзбекстандын расмий түзүмдөрү Мирзиёевдин алдыдагы сапары тууралуу эч нерсе билдире элек.

Тажик өкмөтүнүн документинде Өзбекстан президентинин сапары үчүн жоопкерчилик Тышкы иштер министрлиги менен Протокол кызматына жүктөлөрү гана белгиленген.

Мирзиёев Душанбеде акыркы жолу былтыр сентябрда болуп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитине катышкан.

Тажикстан менен Өзбекстан акыркы 20 жылда мамилелердин татаал учурун башынан өткөрүштү. 2016-жылы күзүндө Шавкат Мирзиёев бийликке келгенде кырдаал өзгөрдү. Бирок эки өлкө тең акыркы жылдары оппозицияны куугунтуктоо, тынч нааразылык акцияларын күч менен басуу, журналисттер менен блоггерлерди камакка алуу үчүн сынга кабылып келишет.