Бишкек, "Саясат.kg". Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, кылмышкер алгач автоунаа айдоочусуна бир нече жолу бычак сайып, анын машинесин айдап качкан.
Израилдин баш калаасы Тель-Авивден 19 чакырым алыстыкта жайгашкан Раанана шаарында көчөдөгү адамдарга кол салуу болду.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, кылмышкер алгач автоунаа айдоочусуна бир нече жолу бычак сайып, анын машинесин айдап качкан. Андан соң ал унаа менен көчөдө жүргөн жөө адамдарды атайылап сүзгөн. Башка версияга ылайык, кол салгандар экөө болгон, алар эки башка жерде адамдарды автоунаа менен сүзүшкөн.
Бычактан жаракат алган автоунаанын ээси каза болуп, бери дегенде эле дагы 17 киши жарадар болду. Алардын арасында балдар да бар.
Полиция кол салган киши кармалганын, ал Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Хеврон шаарынан келип, Израилде мыйзамсыз иштеп жүргөн 44 жаштагы палестиналык экени аныкталганын билдирди. Мындан тышкары кылмышка жардам берген деген шек менен анын туугандары да кармалганы кабарланды.
Раанана шаарынын мэри абал турукташканча мектептерди жабуу буйругун чыгарып, тургундарды балдарын көчөгө коё бербей турууга чакырды.