Бишкек, "Саясат.kg". Автобустагы жумушчулардын баары Орусияда мыйзамдуу түрдө иштеп жүргөн мигранттар.

Орусиянын Нижний Новгород шаарында жол кырсыгынан тажикстандык жана өзбестандык мигранттар жабыркады. Бул тууралуу "Умед" тажик коому маалымады.

Авария 12-январда Нижегород облусундагы айланма жолдо болгон. Жүк ташыган унаа менен "Каркас монолит" компаниясынын жумушчулары отурган автобус кагылышкан.

Автобустагы жумушчулардын баары Орусияда мыйзамдуу түрдө иштеп жүргөн мигранттар. Тажик диаспорасынын “Умед” коомунун жетекчиси Зафар Муминов жол кырсыгынан 3 тажикстандык жана 6 өзбекстандык жабыркаганын кабарлады.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, жол кырсыгын эки киши каза болду.