Бишкек, "Саясат.kg". Бул тизмедеги материалдарды Өзбекстандын аймагында өндүрүүгө, сактоого жана жайылтууга тыюу салынат.
Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети Жогорку сот тарабынан экстремизм жана терроризм идеяларын камтыйт деп табылган материалдардын жаңыланган тизесин жарыялады.
Бул тизмедеги материалдарды Өзбекстандын аймагында өндүрүүгө, сактоого жана жайылтууга тыюу салынат.
Комитет калкты социалдык түйүндөрдөгү төмөнкү баракчалар менен каналдардын материалдарын бөлүшпөөгө жана аларга "лайк" койбоого чакырды:
Өзбекстандын Дин иштери боюнча комитети акыркы жолу тыюу салынган баракчалар менен сайттардын тизмесин 2023-жылы май айында жарыялаган. Жаңы тизмеде алардын саны кыйла көбөйгөн. Былтыркы тизмеде 500гө жакын материал болсо, бул жолкусуна Facebook'тагы 150, Instagram'дагы 100дөн ашык баракча, Telegram'да дээрлик 400 канал, ондогон OK.ru баракчасы, YouTube-каналдар жана TikTok аккаунттар, ошондой эле социалдык түйүндөр менен сайттардагы аудио, видео жана текст түрүндөгү материалдар кошулган.
Өзбекстанда тыюу салынган контенттерди жарыялаган ресурстарды Дин иштери боюнча комитет Мамлекеттик коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлиги, Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттиги менен кызматташтыкта аныктайт.