Бишкек, "Саясат.kg". Ал "Дүйнөлүк медиа жаатындагы АКШнын Агенттиги" (United States Agency for Global Media; USAGM) аркылуу АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат.
Беларуста "Настоящее Время" телеканалынын сайты жана социалдык түйүндөрдөгү баракчалары экстремисттик деп табылды. Тиешелүү чечимди Витебск шаарындагы Железнодорожный райондук соту 5-январда кабыл алганын телеканал өлкөнүн Маалымат министрлигинин сайтындагы кабарга таянып билдирди.
Ага ылайык, Беларустун аймагында "Настоящее Время", "Настоящее Время. Азия", "Настоящее Время. Док", "Настоящее Время. Беларус", "Настоящее Время. Сюжеты" жана "Настоящее Время. Балтия" долбоорлору экстремисттик деп жарыяланды.
"Настоящее Время" – "Америка үнү" менен кызматташтыкта "Эркин Европа/Азаттык" радиосу (RFE/RL) ачкан телеканал. Ал "Дүйнөлүк медиа жаатындагы АКШнын Агенттиги" (United States Agency for Global Media; USAGM) аркылуу АКШнын Конгресси тарабынан каржыланат.
"Настоящее Времянын" миссиясы – демократиялык баалуулуктар менен институттарды, ошондой эле адам укуктарын колдоо болуп эсептелет. Телеканал орус тилинде суткасына 24 саат Орусияда, Украинада, Борбор Азия, Чыгыш Европа өлкөлөрүндө жана башка аймактарда көрсөтүлөт.