Бишкек, "Саясат.kg". Каргашада кеминде 91 киши жан берип, 280ге чукулу жаракат алган.

Иранда "Ислам мамлекети" террордук тобу мойнуна алган жанкечтилердин жардыруусуна байланыштуу бир нече шектүү кармалды.

3-январда Ирандын түштүк-чыгышында жайгашкан Керман шаарындагы көрүстөндө ирандык генерал Касем Сулейманини эскерүү иш-чарасы өтүп жаткан учурда жарылуу болгон. Каргашада кеминде 91 киши жан берип, 280ге чукулу жаракат алган.

Өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди 5-январда өлкөнүн чалгын кызматтары "Кермандагы террордук жардырууларга тиешеси бар абдан жакшы далилдерди табышканын" айткан.

Министр "бул окуяга катышы бар бир катар адамдар кармалганын" айтып, бирок кеңири маалымат берген эмес. Ирандын Ички иштер министрлиги өз билдирүүсүндө кол салгандардын бири Тажикстандын жараны экенин, экинчи адамдын өздүгү азырынча так тактала электигин кабарлады.

Иран жардыруулар үчүн Израилди жана АКШны айыптаган. АКШнын Мамлекеттик департаменти бул окуяга эч кандай тиешеси жоктугун жана Израилден шек саноого да негиз жоктугун билдирген.

"Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусуна" кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан, сөөгү өзү туулуп-өскөн Керман шаарына коюлган. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.