Бишкек, "Саясат.kg". Түркияда кармалган өзбекстандыктар уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болууга, маңзат аткезчилигине, талап-тоноого жана алдамчылыкка шектелүүдө.
2024-жылдын башынан бери Түркияда эл аралык издөөдө жүргөн сегиз өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу кабарлады.
Маалыматка ылайык, Түркияда кармалган өзбекстандыктар уюшкан кылмыштуу топторго мүчө болууга, маңзат аткезчилигине, талап-тоноого жана алдамчылыкка шектелүүдө.
Кармалгандардын арасында "эл аралык адам сатууга каршы күрөштүн алкагында" кармалганы айтылган Н.М. аттуу өзбекстандык аял да бар.
Буга чейин түрк полициясы Чанаккал аймагында "сексуалдык эксплуатация максатында адам сатуу" айыбы менен Интерполдун издөөсүндө жүргөн Нилуфар Мирханова аттуу өзбек жараны кармалганын билдирген. Маалыматка караганда, 40 жаштагы Мирханова Түркияга Орусиядан, Беларустан, Кыргызстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан кыз-келиндерди алып барып, ортомчулар аркылуу сойкуканаларга ишке орноштуруу менен алектенген.
Полиция Нилуфар Мирханова Түркияда мыйзамсыз жүргөнүн жана бул өлкөдө жашап турууга укук берген документтери жок болгонун билдирген.