Бишкек, "Саясат.kg". Жаңжалдын жыйынтыгында эч ким жабыркаган эмес.
4-январда Ташкенттин Юнусабад районундагы Brand Rows дүкөнүнүн алдында башаламандык катталды. Буга эркектердин белгилүү бир сандагы кышкы кийимдеринин бекер таратылышы себеп болгон.
Шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, полиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен башаламандык токтотулуп, коомдук тартип камсыздалган. Жаңжалдын жыйынтыгында эч ким жабыркаган эмес.
Башкармалыктын маалыматына караганда, Brand Rows дүкөнүнүн менеджерине Административдик кодекстин "Массалык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бузуу", дагы тогуз кызматкерине "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" беренелери боюнча айыптар тагылган.
Топтолгон документтер кылмыш иштери боюнча Юнусабад райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Жыйынтыгында дүкөндүн менеджерине негизги эсеп суммасынын 15 эселенген өлчөмүндө, тогуз кызматкерге негизги эсеп суммасынын 10 эселенген өлчөмүндө айып пул салынды.