Бишкек, "Саясат.kg". Алардын ичинен 100дөн ашыгы Орусиядан депортацияланышы мүмкүн.

Жаңы жыл түнү Санкт-Петербург шаарынын борборунда үч миңдей мигрант кармалып, жергиликтүү полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу "Фонтанка" басылмасы билдирди.

Маалымдалгандай, текшерүү учурунда 600дөй мигранттын документтеринде мүчүлүштүктөр бар экени аныкталган. Алардын ичинен 100дөн ашыгы Орусиядан депортацияланышы мүмкүн.

Петербургдун борборунда Жаңы жылдык шаан-шөкөттөр болгон жок. Майрамдык иш-чаралар 30-декабрда Белгороддо 25 адамдын өлүмү менен коштолгон кандуу окуядан улам токтотулган.

Жаңы жыл түнү мигранттарды жапырт кармоо Москвада да болгонун SOTA басылмасы жазды. Канча киши кармалганы белгисиз. Москвада жыл жаңырган түнү Кызыл аянт жабык болду.

Челябинск облусунда бир нече мигрантка кылмыш иши козголду. Тергөө комитети алар орус бийлиги "атайын аскердик операция" деп атаган Украинадагы согуштун катышуучуларына кол салганын билдирүүдө. Полициянын маалымдашынча, жаңы жыл түнү бир нече мигрант Украинадагы согуштан кайтып келген эки аскер менен мушташкан.

Телеграм-каналдарда он чакты кишинин мушташы тартылган видеолор жарыяланып, үч киши - бири жашы жете элек бала кармалганы кабарланды.

Орусияда акыркы айларда күч алган мигранттарды жапырт кармоолордо орус жарандыгы барлар аскер комиссариаттарына жиберилип жатканы маалым болгон.