Бишкек, "Саясат.kg". WhatsApp жана Telegram каналдарда өлкөдө COVID-Omicron XBB вирусу катталганы тууралуу кабарлар тарап жатат.

Тажикстанда коронавирустун жаңы тиби – COVID-Омикрон ХВВ.1.5 жайылып жатканы тууралуу кабар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги билдирди.

Бир нече күндөн бери Саламаттык сактоо министрлигинин атынан WhatsApp жана Telegram каналдарда өлкөдө COVID-Omicron XBB вирусу катталганы тууралуу кабарлар тарап жатат. Бул маалымат тургундарды дүрбөлөңгө салып, калк арасында өтө тез тарады.

"Белгилей кетүүчү нерсе, бүгүнкү күндө оор респиратордук оорулардын белгилери менен медициналык мекемелерге кайрылган адамдарда COVID-19 диагнозу коюлган жок. Текшерүүнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, азырынча өлкөдө эч ким бул вирусту жуктурган эмес", - деп билдирди министрлик.

2022-жылдын 18-февралынан бери Тажикстанда расмий түрдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө, бул жааттагы адистердин сунуштарын колдонуп, өздөрүн жана жакындарын олуттуу респиратордук оорулардан коргоого чакырды.

ХВВ.1.5 - азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча үстөмдүк кылып жаткан "Омикрон" коронавирусунун дагы бир түрү. Ал 2021-жылдын аягында пайда болуп, вирустун мурунку мутацияларын – "Альфа", "Бета" жана "Дельтанын" ордун баскан.