Бишкек, "Саясат.kg". Полициячылар аларды күч менен кармап кетишкен.

Астана соту активист Асет Абишев менен укук коргоочу Айдар Сыздыковду 15 суткага камоо чечимин чыгарды.

Активисттер тагылган айыпты четке кагып, иштин саясий өңүтү бар экенин билдиришти.
6-декабарда жарандык активисттер Асет Абишев, Сергей Измайлов жана укук коргоочу Айдар Сыздыков административдик жазага тартылгандар отурган жабык мекеменин алдында кармалган. Алар санаалашы Канатхан Амренов качан бошотуларын билүү үчүн атайын тергөө абагына барышкан.

Көпкө күткөндөн кийин активисттер дааратканага кирүүнү суранышкан. Измайловдун айтымында, нөөмөтчү полицияга телефон чалып, полициячылар аларды күч менен кармап кетишкен.

Асет Абишев менен Айдар Сыздыков майда бейбаштык жана полицияга каршылык көрсөтүүгө айыпталган.

Измайлов окуяны "Алга, Казакстан!" партиясын каттоо үчүн кезектеги жолу өтүнүч берүү аракети менен байланыштырат. Буга чейин каттоодон өтпөгөн партия өкүлдөрү партияны каттоо боюнча документтерди 15-декабрда тапшырышарын кабарлашкан.

Өткөн жумада “Алга, Казакстан!” партиясынын төрагасы Марат Жыланбаев жети жылга эркинен ажыратылган. Сот аны “экстремисттик уюмду каржылаган жана анын ишмердүүлүгүнө катышкан” деп тапкан.