Бишкек, "Саясат.kg". Өткөн айдын аягында уюм жыйырмадай ЖМК өкүлү камакка алынганын билдирген.

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (Committee to Protect Journalists) ХАМАСтын Израилге чабуулу жана Израилдин Газа тилкесиндеги аскерий операциясы башталгандан бери 63 ЖМК кызматкери каза болгонун ырастады.

4-декабрга карата 56 палестиналык, төрт израилдик жана үч ливандык каза болгону ырасталды. 11 журналист жарадар болуп, үчөө дайынсыз. Өткөн айдын аягында уюм жыйырмадай ЖМК өкүлү камакка алынганын билдирген. Баарынан көп журналист ХАМАС радикал тобу Израилге 7-октябрда кол салганда набыт болгону белгиленген. Анда маалымат каражаттарынын алты өкүлүнүн өмүрү кыйылган.

CPJ өлтүрүүлөр, дайынсыз жоголуулар, камакка алуулар, же журналисттерге карата коркутуулар, ошондой эле медиа кеңселерге жана кызматкерлердин үйлөрүнө зыян келтирүү боюнча көптөгөн тастыкталбаган маалыматтарды да иликтеп жатат.

Израил армиясы ХАМАС ( АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмун жок кылуу максатында 7-октябрда Газага чабуулун баштаган. Буга аталган радикал уюмдун 7-октябрда Израилге кол салып, 1 200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алып кеткени түрткү болгон.