Бишкек, "Саясат.kg". Буга чейин аталган кыймыл 9-декабрда "Казакстандын аялдары зомбулукка каршы" деген темада митинг өткөрүү боюнча акимчиликке арыз бергени кабарланган.
Алматы шаарынын акимчилиги феминисттик Feminita кыймылынын өкүлдөрүнө "Казакстандын аялдары зомбулукка каршы!" деген темада митинг өткөрүүгө уруксат берген жок.
"4-декабрда акимчиликтин Аманжон Мусаев аттуу өкүлү телефон чалып, 9-декабрда Уэлиханов аянтында оңдоо иштери пландалганын, мындан улам ал жакта митинг өткөрүүгө уруксат берилбей турганын айтты. Мындан тышкары ал Сарыарка аянтында да маданий иш-чара болорун билдирди. Буга байланыштуу биз шаардагы жалгыз бош жерде – Ганди атындагы аянтта митинг өткөрүү боюнча арыз тапшырдык", – деп жазылган Feminita'нын "Инстаграмдагы" баракчасында.
Буга чейин аталган кыймыл 9-декабрда "Казакстандын аялдары зомбулукка каршы" деген темада митинг өткөрүү боюнча акимчиликке арыз бергени кабарланган. Алар мыйзамга "фемицид" түшүнүгүн киргизүүнү, ошондой эле үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик зомбулугуна каршы күрөшүү тууралуу жаңы мыйзам долбоорун кабыл алууну талап кылууда.
Алматыдан тышкары Актау, Тараз жана Кызылордо шаарларындагы феминисттер да акимчиликтерге 9-декабрда митинг өткөрүү боюнча арыз тапшырууну пландап жатканы кабарланган.
Казакстанда Салтанат Нукенованын өлүмүнөн кийин аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы күрөшүү боюнча талкуулар жанданган. Медиачөйрөдө физикалык жана психикалык зомбулукка кабылган, ошондой эле окууда жана жумушта ыдык көргөн аялдардын жеке окуялары тууралуу өтө көп айтылып, көп жазылды. Нукенованы өлтүрүүгө анын күйөөсү, Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаев айыпталууда.