Бишкек, "Саясат.kg". Фонд жакыр өлкөлөргө климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери менен күрөшүүгө жардам берүүгө багытталган.
Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Дубай шаарында климаттын өзгөрүшүнө арналган БУУнун 28-конференциясы башталды. Анын алгачкы күнү өлкөлөр жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштерин атайын фонд аркылуу каржылоо механизмин макулдашты.
Фонд жакыр өлкөлөргө климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттери менен күрөшүүгө жардам берүүгө багытталган. Ага глобалдык жылуулук үчүн көбүрөөк жоопкерчиликтүү болгон бай өлкөлөр өз ыктыяры менен каражат бөлөт. АКШ, Улуу Британия, Германия, Жапония жана БАЭ фондго миллиондогон доллар бөлүүнү убадалашты.
2030-жылга карата фонд жыл сайын жүз миллиард доллардан бөлүп турууга кудуреттүү болуп калат деп күтүлүүдө. Андан өнүгүп келе жаткан бардык өлкөлөр каражат ала алат. Алар климаттык каатчылыктын кесепеттерин жоюудагы чыныгы муктаждыктары 400 миллиард долларга жакындап калганын билдиришти.
Жоготуулар менен чыгымдардын фондун түзүү чечими конференциянын акыркы күнү – 12-декабрда бекитилет.
Саммиттеги негизги маселелердин бири - глобалдык температуранын жогорулашы жана ага себеп болуп жаткан жер алдынан алынуучу отундун түрлөрүн пайдалануу болууда.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш келечекте жердин алдынан алынуучу отундан толук баш тартууга чакырды. Анын пикиринде, дүйнө өлкөлөрүндө 1,5°C'ны (окумуштуулардын эсеби боюнча адамзат үчүн глобалдык температуранын жогорулашынын критикалык көрсөткүчү) гана сактап калбастан, өсүп-өнүгүп жашоого да "дарамет, технологиялар, мүмкүнчүлүктөр жана акча бар".
"Азырынча буга саясий эрк гана жетишпей жатат", – деди Гутерриш.
Конференцияны кабыл алып жаткан БАЭ дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчүлөрдүн бири болуп эсептелет. Өлкө иш-чара катышуучуларын аз көмүртектүү келечекке мунайдан баш тартпастан эле жетүүгө мүмкүн экенине ишендирүүгө аракет кылууда. Бирок окумуштуулар муну менен макул эмес. Алардын пикиринде, жер алдынан чыккан отундардын өндүрүшүн болушунча тез арада кыскартуу зарыл.