Бишкек, "Саясат.kg". Шектүү Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү жоокер Б. У. бүгүн, 21-ноябрда саат 16:00 чамасында кармалды.

Маалыматка ылайык, ал Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринин чатырында жашынып жаткан жеринен сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлгөн. Анын жанынан куралы да алынган.

Шектүү Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

20-ноябрда таңга маал Токтогул ГЭСин кайтарган жоокерди аны менен кошо нөөмөттө турган экинчи жоокер атып алып, куралын жашырып, өзү качып кеткен. Алган жараатынан улам ок жеген жоокер ошол жерде жан берген.

Каза болгон жоокер 20 жашта болгон. Анын сөөгү бүгүн, 21-ноябрда туулган жеринде - Өзгөн районунун Зергер айылында жерге берилгенин жакындары  билдиришти.

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин өлүмү утур-утур катталып турат. Буга чейин 8-ноябрда Баткен районунда келишимдик негизде кызмат өтөп жүргөн чек арачы спорттук иш-чарада оор жараат алып каза болгон.

21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алганын Чек ара кызматы кабарлаган.