Бишкек, "Саясат.kg". "Известия" басылмасынын полициядагы анонимдүү булагы төрт адам каза болгонун айткан.

Орусиянын Астрахан шаарында синтетикалык опиоидди – метадонду ашыкча колдонуудан улам бери дегенде эле үч киши каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

"Известия" басылмасынын полициядагы анонимдүү булагы төрт адам каза болгонун айткан.

Бир нече күн мурда Астраханда 20га жакын адам уулануу белгилери менен ооруканага кайрылганы кабарланган. 20-ноябрь күнү кечинде аймактын саламаттык сактоо башкармалыгы алты бейтаптын абалы оор экенин билдирген. Күч түзүмдөрүнө байланышы бар "112" телеграм-каналы оорукага жалпысынан 24 киши жаткырылганын жазган.

ТАСС агенттиги менен "База" телеграм-каналы тергөөнүн версиясына таянып, жабырлануучулар метадонду башка маңзаты (мефедрон) менен алмаштырып колдонуп алгандыктан ууланганын жазышты.

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлагандай, каза болгондор менен жабырлануучулар ууланган маңзатты сатууга шектелип Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары кармалып, аларга каршы кылмыш иштери козголду.