Бишкек, "Саясат.kg". Улуттук коопсуздук кызматы тергөө иштерин баштаган.

Өзбекстандын жаңы дайындалган саламаттык сактоо министри Амрилло Иноятов индиялык Quramax компаниясы чыгарган бардык препараттарды сатууну токтотуу жөнүндө токтом чыгарды. Бул тууралуу "Газета.uz" басылмасы билдирди.

"Док-1 Макс" жана "Амбронол" дарыларын лабораторияда текшерүү учурунда нормативдик документтерге шайкеш келбеген курам аныкталды. Бул препараттардын айрым серияларында этиленгликоль менен диэтиленгликоль уулуу заттары бар экени белгилүү болду", деп айтылат министрдин катында.

Өзбекстанда 2022-жылдын аягында "Док-1 Макс” дарысын ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калган. Аталган препараттан уулуу этиленгликоль заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.

"Док-1 Макс" таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө иштерин баштаган.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.