Бишкек, "Саясат.kg". Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Индиянын Marion Biotech компаниясы Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнө байланыштуу жөтөлгө каршы “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтотту.

Анын алдында Индиянын Дары каражаттарынын стандартын көзөмөлдөө боюнча улуттук уюму Делиге жакын жерде жайгашкан компаниянын заводун текшерүүгө алганын жана Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги менен байланышта экенин маалымдаган.

Өзбекстанда өткөн аптадан бери ушул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калды. "Док-1 Макс” дарысынан уулуу этиленгликол заты табылганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдаган.

“Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө баштады.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.