Бишкек, "Саясат.kg".  "Бул адилеттүү болот".

Орусиянын Мамлекеттик думасы өлкөндөн чыгып кеткен орусиялыктар үчүн салыктын ченин жогорулатууну караган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Бул тууралуу парламенттин төмөнкү палатасынын башчысы Вячеслав Володин билдирди.

Володиндин айтымында, өлкөдөн чыгып кеткендер аралыктан орусиялык компанияларда иштеп тим болбостон, мыйзам чегинде каралаган бардык жеңилдиктерди да пайдаланышууда.

"Орусия Федерациясынан чыгып кеткендер үчүн артыкчылыктарды жоюп, алар үчүн жогорку чендеги салык киргизүү керек. Бул адилеттүү болот", – деп жазды Володин Телеграмга.

Декабрдын башында “Бирдиктүү Орусия” чет өлкөгө чыгып кеткен орусиялыктарга айрым адистиктер боюнча аралыктан иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоорунун үстүндө иштеп жатканы белгилүү болгон. “Верстка” басылмасы чектөө маалымат коопсуздугу жана бир катар мамлекеттик маанилүү тармактардагы кызматкерлерге тиешелүү болорун жазган.

Орусия Украинага кол салып, андан соң өлкөдө мобилизация жарыялангандан кийин эмгекке жарамдуу жүз миңдеген орусиялыктар, анын ичинде бизнесмендер, IT-адистери, илимий кызматкерлер, дарыгерлер жана музыканттар чет жактарга чыгып кетишкен. Орусиянын Статистика комитети биринчи жарым жылда өлкөдөн 96 миң киши чыгып кеткенин жарыялаган.