Бишкек, "Саясат.kg". Талапкердин 9-класстан кем эмес билими жана орус тилин билүүсү шарт экени жазылган.

Москвада мигранттарды Украинадагы согушка катышуу үчүн келишим түзүүгө үндөшүүдө.  Sota  басылмасы "Выхино" метросунда таратылган баракчаларды жарыялады.

Басылманын маалыматына караганда, метродо баракча тараткан киши жүргүнчүлөрдүн жарандыгына кызыгып, көпчүлүктүн арасынан мигранттарды издеген. Баракчада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн 18ден 40 жашка чейинки жарандарына Орусия армиясынын катарына кошулуу сунушталган. Талапкердин 9-класстан кем эмес билими жана орус тилин билүүсү шарт экени жазылган.

Орусия армиясында кызмат өтөөнүн артыкчылыгы катары “Украинадагы улутчулдар менен ЖККУнун алкагында бирге күрөшүү”, “баа жеткис аскердик тажрыйба алуу”, “Орусия баатырын алуу мүмкүндүгү”, “Улуу Орусия жана шериктеш республика элдерин кайра калыбына келтирүүгө түздөн-түз катышуу” көрсөтүлгөн.

Украинадагы согушту колдобогондор жана орус армиясынын беделин түшүргөн ролик менен постторду жарыялагандар талапкер катары эсептелбейт.

Мурдараак Орусиянын Ички иштер министрлигине караштуу Москвадагы "Сахарово" миграциялык борбору армияга кызмат өтөөгө байланыштуу кулактандырууну шаардагы коомдук транспортко кыргыз, тажик жана өзбек тилдеринде илип жатканы айтылган. Жарыяда аскер кызматына бара турган болсо, Орусиянын атуулдугу жеңилдетилген тартипте берилери белгиленген.

Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандын Орусиядагы элчиликтери өз атуулдарына согушка катышуу мыйзамсыз экенин эскерткен.