Бишкек, "Саясат. kg". Бийлик нааразылык акцияларын айрым сырткы күчтөр уюштурду деп шектенүүдө.

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, мындай чечимге өлкөнүн түндүк-батыш аймагындагы башаламандыктар себеп болгон. Бийлик нааразылык акцияларын айрым сырткы күчтөр уюштурду деп шектенүүдө.

1-июлда Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча массалык нааразылык акциялары башталып, Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынын шаарларында жана анын борбору Нукус шаарында нааразылык акциялары өттү. Тургундар Конституцияга Өзбекстандан бөлүнүү боюнча референдум өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырата турган өзгөртүүлөргө каршы чыгышууда.

Кечээ, 2-июлда Өзбек президенти Нукуска учуп кеткен. Шавкат Мирзиёев Каракалпакстан Жогорку Кеңешинин депутаттары, улуу муун өкүлдөрү жана активисттер менен жолугушкан. Ал Өзбекстандын элине кайрылуу жасаганын президенттин басма сөз катчысы билдирди.

Каракалпакстан — Өзбекстандын курамындагы республика. Өзбекстандын азыркы Конституциясы Каракалпакстандын эгемендигине кепилдик берет жана Каракалпакстан калкынын жалпы референдумунун негизинде эл Өзбекстандан бөлүнүп чыгууга укуктуу. Мына ушул пункттар Конституциянын жаңы редакциясынан алып салынып, облустун тургундарынын нааразычылыгын жараткан. Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр 26-июнда коомдук талкууга коюлду.